Жапаров Улуттук инвестициялык фонд тууралуу: дүйнөлүк тажрыйбаларды колдонобуз

Айрым мамлекеттик ишканалардын 20 пайыздан 100 пайызга чейинки үлүшү аталган фондго өткөрүлүп берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы мамлекеттик компаниялардын чыныгы потенциалы дагы деле ачыла элек. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигиндеги маегинде айтты.
Жапаровго жакында түзүлгөн Улуттук инвестициялык фонд тууралуу суроо берилген.
Президенттин айтымында, фонддун максаты дүйнөлүк практикадагы тажрыйбаларды колдонуп мамлекеттик ишканалардын натыйжалуулугун арттыруу, кирешесин көбөйтүү, алардын наркынын өсүшүн камсыз кылуу, толук потенциалын ачуу, ички жана сырткы булактардан инвестицияларды тартуу болуп саналат.
"Мамлекеттик компаниялар Кыргызстандын суверендүү капиталынын олуттуу бөлүгүн түзөт. Ошол эле учурда бул компаниялардын чыныгы потенциалы дагы деле ачыла элек, баалана элек. Анткени толугу менен мамлекеттин менчигинде турган компаниялардын рыноктук баасы аныкталган эмес", — деген Жапаров.
Ал айрым мамлекеттик ишканалардын 20 пайыздан 100 пайызга чейинки мамлекеттик үлүшү аталган фондго өткөрүлүп берилерин белгилеген.
"Улуттук инвестициялык фонддун 100 пайыз ээси мамлекет болуп эсептелет, өлкө бул компанияларды башкарууну жоготпойт. Фондду түзүп дүйнөнүн атактуу биржаларына акцияларды чыгаралы, башка эл аралык чоң компаниялар менен тең ата таймашалы деп турабыз. Кыргызстанды ушул тараптан дагы дүйнөгө, эл аралык инвесторлорго тааныталы деген оюбуз бар", — деди Жапаров.
Президент башка мамлекеттердин тажрыйбасын тизмектеп, фонд ошолордун мисалында иштей турганын кошумчалаган.
Садыр Жапаров ID-карталарды бекер алмаштыруу боюнча акция жарыялады