Садыр Жапаров Апрель окуясына катышкандарга фабрика куруу үчүн жер бөлдү

Президент Апрелчилер менен Бакиев өз ара сүйлөшкөнүн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Апрель окуясына катышкандарга фабрика куруу үчүн жер бөлүп бергенин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде айтып берди.
Өлкө башчы эки жылдан бери 2010-жылы Апрель окуясында жакындары каза болгон жарандар арыз-муңун айтып кабыл алуусунда болуп келишерин айтты. Алар Бакиевдин кун төлөп беришин камсыз кылууну суранышкан.
“Сиздин колуңуздан келет. Дубайда мурдагы президенттерди чогулттуңуз го деп суранышты. “Туугандар, мени Бакиев менен ортоңорго аралаштырбагыла, ансыз деле башка баш оорум көп” деп четке каккам. Былтыр кайра “Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убадасын берди. Бизге жер бөлүп бериңиз, жумушсуз кыйналып жүрөбүз” деп суранышты. Акыбалдарын байкасам, чынында эле кыйын экен”, — деди Жапаров.
Президент аларга бир гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп, фабрика салууга убакыт бергенин, эгер ал ишке ашпаса жерди мамлекетке кайтарарын белгилеген.
“Апрель окуясында жакындары каза болгон 205 киши акционер болуп АК ачышыптыр. Жерди ошол АКга бердик, жалгыз кишиге берген жокпуз. Эми салынабы же жокпу айта албайм. Себеби Апрелчилер менен Бакиев кандай сүйлөшүштү, эмне деп келишишти мага белгисиз. Кыскасы менден кетпесин деп жер бөлүп бердим. Убакыт берели, фабрика салынбаса, жерди кайра мамлекетке тез эле кайтарып алып коёбуз”, — деди өлкө башчы.
Белгилей кетсек, 2010-жылдагы бийликке каршы апрель окуяларында 123 адам өмүрү менен кош айтышып, миңден ашуун киши жаракат алган. "Ала-Тоо" аянтында 87 адам көз жумса, 36сы кийин каза болгон. 7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү болуп саналат. Анда ошол кездеги президент Курманбек Бакиев тышка чыгып кеткен.
Биз алган сабак — адилет башкаруу. Жапаровдун Апрель революциясына карата кайрылуусу