Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШ Киевге Россиянын негизги аэродромдорун аткылоого уруксат бербейт

Путин буга чейин НАТО өлкөлөрү Россиянын аймагына сокку урууга уруксат берүү тууралуу сүйлөп жатканда "ким менен ойноп" жатышканын ойлонушу керектигин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. АКШ Украинага америкалык ыраакка атуучу куралдарды колдонуу боюнча чектөө койгондуктан Киев Россиянын маанилүү аэродромдоруна чабуул жасай албайт. Бул тууралуу Washington Post гезитинин маалыматына таянып РИА Новости жазды.
Буга чейин Мамлекеттик департамент өкүлү агенттикке АКШнын президенти Жозеф Байден Харьковдун кооптуулугуна коркунуч жараткан Россиянын аймактарындагы буталарды америкалык курал менен контрбатареялык күрөш жүргүзүү үчүн аткылоого Украинага уруксат бергенин, бирок ыкчам-тактикалык ATAСMS ракеталарын жана алыска атылуучу башка каражаттарга салынган тыюу күчүндө калганын билдирген.
Гезит украиналык эки аткаминердин айткандарына таянып төмөнкүлөрдү билдирген.
"АКШнын Украинага Россиянын аймагын америкалык айрым куралдын түрлөрү менен аткылоого уруксат берген жаңы саясаты Россиянын чабуулдарынын санын кыскартты. Бирок дагы деле Украинага негизги аэродромдорго сокку урууга уруксат жок. Бул аэродромдор өлүмгө кептөөчү, аскердик позицияларга өтө чоң зыян алып келчү авиабомбаларды таштай турган россиялык учактар үчүн колдонулат", — деп жазган басылма.
Алардын айтымында, АКШ чек арадан 100 чакырым аралыкка чейин гана сокку урууга уруксат берген. Америкалык аткаминерлер чектөөнүн аралыгын тактоодон баш тартышып, Киевдеги булактардын маалыматы туура эмес деп билдиришкен.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан июнь айынын башында америкалык куралдар Россиянын бардык аймактарына, Россия аскерлери Украинанын чек арасын басып кирген жерлерине колдонуларын айткан.
Президент Владимир Путин май айынын соңунда НАТО өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Россиянын аймагына сокку урууга Киевге уруксат берүү тууралуу сүйлөп жатканда "ким менен ойноп" жатышканын ойлонушу керектигин эскерткен.
Маалымат катчы Дмитрий Песков альянска мүчө мамлекеттер Украинаны майнап чыкпаган согушту улантууга үндөп, атайылап чыңалуунун жаңы айлампасына өтүшүүдө деп билдирген. Ал мунун баары акыр-аягында жаңжалды курчутууга кызыкдар болгон өлкөлөрдүн өздөрүн чоң кесепеттерге кептейт деп белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"АКШ жетиштүү уруксат бербей жатат". Зеленскийдин чабуул боюнча нааразылыгы