Bloomberg: Азиядагы көп өлкөлөр АКШдан тажап БРИКСке кирүүгө умтулууда

Москва менен Пекин өлкөлөрдүн БРИКСке кызыгуусунун артышын Батыштын аларды туңгуюктоо аракетине каршы ийгиликтүү көрсөткүч деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Көптөгөн Азия өлкөлөрү Штаттардын көзөмөлүндөгү тартиптерден көңүлдөрү калгандыктан БРИКСке кошулууга аракеттенүүдө. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.
“Өлкөлөр АКШ менен Кытайдын ортосундагы атаандаштыктан улам катаалдашып кеткен экономикалык тобокелдиктерди жоюуга аракет жасап жатышат. Алар БРИКСке мүчө болуу менен ошол чыңалуунун жок дегенде бир бөлүгүн жойгулары келет", — деп айтылат маалыматта.
Россия менен Кытай өлкөлөрдүн БРИКСке кызыгуусунун артышын Батыш мамлекеттеринин аларды туңгуюктоо аракетине каршы ийгиликтүү көрсөткүч деп эсептейт.
БРИКСке кирүү мамлекеттерге валюталык резервдерди бириктирүүгө жана жаңы өнүгүү банкын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Басылма жазгандай, жамааттык инвестициялардын бул фонду өзгөчө Түштүк-Чыгыш Азия үчүн пайдалуу болот.
АКШ дагы коопсуздук тармагындагы байланыштарды тереңдетип аймактар менен мамилесин өнүктүрүүдө, анын арасында Түштүк-Кытай деңизинде Кытай менен болгон талаш-тартыштардан улам тынчсызданып жаткан Вьетнам жана Филиппин менен өзгөчө байланыш түзүүдө. Агенттик аймактарга коопсуздук системасы керек экенин түшүнүү эки ири державанын ортосундагы атаандаштыкты күчөтүп жатканын кошумчалаган.
Лавров: БРИКС уюмунун глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү ролу өсүүдө