Айсулуу Тыныбекова менен Калмира Билимбек кызынын Польшадагы ийгилиги

Спортчулар рейтингдик турнирге катышып, алдыңкы орундарды багындырышты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Польшада өткөн эл аралык турнирден Айсулуу Тыныбекова алтын алса, Калмира Билимбек кызы күмүш байгеге ээ болду.
Балбандар Варшава шаарында болгон Memorial Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open 2024 аттуу рейтингдик турнирге катышкан.
Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы
Тыныбекова биринчи кармашында польшалык Ольга Падошикти 8:0, андан кийин канадалык Мики Руботтомду 8:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. Ал эми финалда германиялык Луиза Нимешти 4:1 эсеби менен утуп, биринчи орунга татыган.
Ал эми Билимбек кызы алгач польшалык Наталья Кубат аттуу кызды 4:3 эсебинде, андан кийин дагы бир польшалык балбан Александра Витосту 8:0 менен утуп алган. Чечүүчү беттеште германиялык Елега Крюгерге 7:0 менен жеңилип, күмүш байгеге татыган.
БРИКС оюндары. Ушу-таолу боюнча Кыргызстандын курама командасы үч медаль жеңди