Суу шалаакылыкты кечирбейт. ӨКМдин эскертүүсү

Министрлик суу жээгине эс алууга барганда балдарды кароосуз калтырбоо керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жайкысын сууга түшүүдө сак болууну эскертти.
Эс алуунун мындай түрүн тандагандар төмөнкү эрежелерди сакташы керек:
массалык эс алууга ылайыкталбаган жайлардагы сууларга түшүүгө болбойт. Мисалы, көлмөлөр, жасалма көлмөлөр, каналдар жана дарыялардын каалаган бөлүгүнө түшүү өтө коркунучтуу;
сууга мас абалда түшүүгө болбойт;
"Сууга чумкуганга, түшүүгө, секиргенге тыюу салынат " деген жазуулары бар жерлерге барууга болбойт;
бассейн, дарыя, канал, көлмөлөрдүн жанында балдарды кароосуз калтыруу өтө кооптуу;
саздак, баткак жана балырлуу жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынат;
скутерлерге, моторлуу кайыктарга, сууда көңүл ачуучу жабдыктарга чейин сүзүп барууга тыюу салынат.
Аптап оорулуу эле эмес, соо киши үчүн да кооптуу. Сактануу жолдору