Кыргызстан төрт ай ичинде 22 тоннадан ашык күмүш экспорттоду

Январь-апрель айлар аралыгындагы экспорттун көлөмү буга чейинки жылдардын жыл ичиндеги көлөмүн басып өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Ушул жылдын январь айынан апрелдин соңуна чейин Кыргызстан сыртка 22 тонна 320,2 килограмм күмүш сатты. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, анын жалпы баасы дээрлик 17,6 миллион долларды түзгөн.
Кардар өлкөлөр:
Индия — 21 тонна 733,2 килограмм (мунун баары апрелде сатылган);
Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 587 килограмм;
Кыргызстан өткөн жылдын январь-апрель айлар аралыгында сыртка 312,9 килограмм күмүш саткан. Тактап айтканда, сатуунун көлөмү өткөн жылдагы тиешелүү мезгилге салыштырганда 70 эсеге көп болду. Статистика комитенинин көрсөткүчтөрүнө ылайык, бул 2018-жылдан берки рекорддук көлөм болду.
Мындан тышкары, жыл башынан тартып төрт ай ичинде экспорттун көлөмү буга чейинки жылдардагы жыл ичиндегиден да басып өттү:
2023 — 724,3 килограмм;
2022 — 707 килограмм;
2021 — 3 тонна 838,6 килограмм;
2020 — 12 тонна 120,2 килограмм;
2019 — 8 тонна 344,9 килограмм;
2018 — 8 тонна 462,5 килограмм.
Кыргызстан баалуу металлдардын экспортун жаңылап, көбөйттү. Ким сатып алды