КМШнын Чек ара кызматынын башчылары Бресттеги митинг-реквиемге катышты. Сүрөт

Митинг-реквиемге 20 миңге жакын адам барган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. КМШ мамлекеттеринин чек ара кызматтарынын башчылары, анын ичинде УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Брест чебиндеги (Беларусь) митинг-реквиемге катышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын ардагерлеринин эл аралык союзунун координациялык кеңеши билдирди.
Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 83 жылдыгына арналган Бресттеги иш-чарага жалпысынан 40ка жакын расмий делегация келди. Митинг-реквиемге 20 миң адам катышкан.
Ушул күндөрү Брестте шериктештиктин Чек ара аскерлеринин командирлеринин кеңешинин жыйыны да өтүп жатат. Тараптар КМШнын тышкы чек араларында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттерди макулдашышкан.
Мындан тышкары, Брест шаарында "Күжүрмөн эсеп" аттуу эл аралык патриоттук акция уюштурулган. Ал согушта жаркын келечек үчүн чек арачылардын күрөшүн эске салат.
83 жыл мурун ушул күнү фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салган. Душмандар алгач Брест чебине чабуул жасап, советтик жоокерлер алардын мизин кайтаруу үчүн бир нече күн туруштук беришкен.
Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүн утурлай миңден ашык шам жагылды. Видео