Ташиев күбөлүгү да, паспорту да жок футболчуга документ тапшырды

Футболчу Оятилло Абдурахимжанов жыл башында Камчыбек Ташиевден документ алууга жардам сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. УКМК төрагасы, Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстандын футбол боюнча улуттук жаштар курама командасынын мүчөсү Оятилло Абдурахимжановго жарандык документтерин тапшырды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
1 / 2

УКМК төрагасы, Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстандын футбол боюнча улуттук жаштар курама командасынын мүчөсү Оятилло Абдурахимжановго жарандык документтерин тапшырды

2 / 2

Оятилло Абдурахимжанов жыл башында Камчыбек Ташиевге кайрылып, Кыргыз Республикасында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, жарандык паспорту да жок экенин билдирип, жардам берүүсүн суранган

Билдирмеге ылайык, Оятилло Абдурахимжанов жыл башында Камчыбек Ташиевге кайрылып, Кыргыз Республикасында туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, жарандык паспорту да жок экенин билдирип, жардам берүүсүн суранган.

"19 жаштагы Абдурахимжанов буга чейин чет өлкөлөрдүн биринин футболдук клубунда ойноп келген. Кыргызстанда футболго көңүл бурулуп жатканын эске алып Кыргыз футбол клубдарынын биринде ойноону каалаарын айткан. Ташиев жаш спортчуну Кыргызстандын жараны болушу менен куттуктап, мындан ары кыргыз туусун көтөрүп, спортто ийгиликтерди жаратуусуна тилектештигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Оятилло Абдурахимжанов Ош шаарынын Жибек Жолу кичи районунун тургуну экени кошумчаланды.
Министрлик ID-картаны алмаштыруу боюнча улуттук кампания баштады