Радио

Курманбеков: быйыл РКӨФтүн каржылоосу менен 25 өндүрүштүк ишкана курулат

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков жыл башынан бери РКӨФтүн көмөгү менен 15тей ишкана курулуп, ишке киргенин айтты.
Sputnik
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен быйыл жалпы 25 өндүрүштүк ишкана курулат. Бул тууралуу Бакыт Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, алардын баары жыл аягына чейин ишке кирет.

"2024-жылы министрлер кабинети 100 өндүрүштүк ишкананы курууну максат кылган. Анын ичинен 25 ишкана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен салынат. Айрымдарына токтолсом, Кеминде цемент чыгарган завод, Ысык-Атада кафель жана керамогранит чыгарган завод, Сокулукта фармацевтикалык завод, Баткенде автоклавдык газобетон чыгарган завод ишке кирет. Ушул убакытка чейин пландагылардын 15ке жакыны ачылды. Бир ай мурда Балыкчыда заманбап касапкана жана эт комбинаты ишке кирди. Ачылышына президент Садыр Жапаров дагы катышты. Буюрса быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулуп жаткан 25 ишкана ишке кирет", — деди Курманбеков.

Ошондой эле адис бул ишканалар жаңы жумуш орундарын түзүү менен эле токтолбостон, Кыргызстандын импортун азайтып, экспортун көбөйтөрүн кошумчалады.