АКШ РФтин Вашингтон, Нью-Йорктогу виза борборун жабарын айтты. ТИМдин реакциясы

Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. АКШнын бийлиги россиялык дипломаттарды Вашингтон менен Нью-Йорктогу визалык борборлорунун жабылышы тууралуу кабардар кылышты. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын жылдыгына арналган аза күтүү аземинен кийин билдирди.

“Күн сайын бизге каршы аракеттер жасалууда. Мына бүгүн иш-чарага бир саат калганда америкалыктар бизге виза борбору жабылып жаткандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүштү. Эми россиялык дипломаттардын, консулдардын мойнуна кошумча жүк жүктөлүүдө”, — деп айткандарын РИА Новости жазды.

Ошол эле учурда Антонов Америка тарап кабыл алынган чечимдин себептерин ачыктай электигин айтып, РФтен кандай жооп болору тууралуу маалымат берген эмес. Дипломат Россияда америкалыктарды тейлөөдө көйгөйлөр жок экенин белгилеген.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова эгер бул аракеттери ишке ашса Москвадан адекваттуу жооп болорун билдирген.
АКШнын эки окуяга тандап жасаган мамилеси туурасында Захарованын билдирүүсү