Радио

Айдаралиев: айдоочу саламаттыгын 300 миң сомго чейин камсыздандыра алат

Мамлекеттик камсыздандыруу мекемесинин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев автоунааларды камсыздандыруу эрежелери тууралуу айтып берди.
Sputnik
Айдоочулардын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралып, милдеттүү камсыздандырууга жатат. Эгер автоунаанын ээси башка көлүктү же дүкөн, үй, бак-дарак, түркүк жана башка нерселерди сүзүп автоунаасы жабыркаган кезде биздин компания 450 000 сомго чейин төлөп берет. Бул тууралуу Закир Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айдоочулар өзүнүн коопсуздугун ойлоп, ден соолугун да камсыздандырса болот.

"Мыйзамга ылайык, бизде катталган чет элдик автоунаалар жана юридикалык жактардын автокөлүктөрү милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү зарыл. 2025-жылдан тарта бул тартип жеке жактарга да тиешелүү болот. Азыркы учурда автоунааны камсыздандыруу үчүн эң азы 1 680 сом төлөнөт. Кайсы унаага канча болору айдоочунун стажына, машинанын кыймылдаткычынын көлөмүнө, чыккан жылына жана техникалык көзөмөлдөн өткөн-өтпөгөнүнө карап аныкталат. Анткени чоң унаалар кырсыкка кабылса адам ден соолугуна да, башка автоунаага да көбүрөөк зыян алып келет, андыктан алардын камсыздандыруу баасы да жогорураак болот. Камсыздандырууга жеңил автоунаалар, жүк ташуучу, атайын техникалар, мотоциклдер, башкача айтканда транспорттун баары камсыздандырылышы керек. Ал эми электроскутерлерге, самокаттарга техникалык паспорт берилип, жол кыймылы эрежелери милдеттендирилбегендиктен аларды камсыздандыруудан өткөрө албайбыз. Эгер Россиядагыдай ар бир самокатка номер берилип жолдо жүрүү эрежелери аныкталса, биз аларды да камсыздаганга даярбыз. Ошол эле учурда анын айдоочусун да камсыздандыруудан өткөрө алабыз", — деди Айдаралиев.

Ал велосипед, мотоцикл сыяктуу автоунаалар менен жеткирүү кызматтарын көрсөткөн фирма ээлерин ыктыярдуу камсыздандыруудан өтүүгө чакырды.