23-июнга карата аба ырайы

23-июнга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жекшембиде тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Баткенде +32...+37, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жергесинде +33...+38, Ысык-Көл облусунда +25...+30, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Суу шалаакылыкты кечирбейт. ӨКМдин эскертүүсү