Соңку жылдары өлкөдө жер титирөөлөр көп катталууда. Бул табигый көрүнүш экенин айткан окумуштуулар, калкты дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат. Ошол эле учурда табигый кырсык тууралуу маалыматты алдын-ала билдирип же такыр эле болтурбай коюуга мүмкүнбү?— деген суроо жаралбай койбойт. Көпчүлүктү түйшөлтөкн бул соболго окумуштуу Кеңешбек Жумабаев жооп берди.