Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
КМШ мамлекеттеринин чек ара кызматтарынын башчылары, анын ичинде УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Брест чебиндеги (Беларусь) митинг-реквиемге катышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын ардагерлеринин эл аралык союзунун координациялык кеңеши билдирди. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 83 жылдыгына арналган Бресттеги иш-чарага жалпысынан 40ка жакын расмий делегация келди. Митинг-реквиемге 20 миң адам катышкан. Ушул күндөрү Брестте шериктештиктин Чек ара аскерлеринин командирлеринин кеңешинин жыйыны да өтүп жатат. Тараптар КМШнын тышкы чек араларында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттерди макулдашышкан. Мындан тышкары, Брест шаарында "Күжүрмөн эсеп" аттуу эл аралык патриоттук акция уюштурулган. Ал согушта жаркын келечек үчүн чек арачылардын күрөшүн эске салат.
Акылбек Жапаров 25-27-июнда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарында болмокчу. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады. Өкмөт башчы "Кытай — Евразия ЭКСПО: Жибек Жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү" VIII эл аралык көргөзмөсүнө катышат. Эки тараптуу жологушууларда саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий-гуманитардык тармактарындагы кызматташуулар тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Мындан тышкары, Акылбек Жапаровдун ири корпорациялардын жана компаниялардын жетекчилери менен жолугушуулары күтүлүүдө. Иш-чаралардын жана жолугушуулардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлат.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Алиев, Садырбеков айыл өкмөттөрүндө 21-июнда болжол менен саат 21:40та тынымсыз жааган жаандан улам сел жүрүп, 152 турак жайдын жана эки социалдык объектти, пахта иштетүүчү заводдун короосун суу каптаган. Ошондой эле тогуз турак жайдын ичин жана Бишкек – Ош автоунаа жолунун 523-чакырымын сел каптаган. Бул туралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жеринде кырдаалды жоюу үчүн ЖК кызматынын күч-каражаттарын, инженердик техникалары жана Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Жалал-Абад район шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү РӨКОдон 120 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак жайларды түн менен тазалоо жумуштарын алып барышууда. Сел каптаган аймактар тийешелүү адистер тарабынан заласыздандырылып, сел суу менен агып келген мал жандыктар жаныбарларды коргоо кызматы тарабынан коопсуз жайга чыгарылууда.
Бишкек шаарында түн ичинеде унаанга каттуу үн чыгаруучу каражаттарды орноштуп алаган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү шаар ичинде жарандарыбызга түнкүсүн уйку бербей, оорулу жарандардын, кары-картаң апалардын тынчын алып, унааларына каттуу үн чыгаруучу каражаттарды орноштуруп алган 5 айдоочуну кармашты”,-деп айьылат маалыматта. Аларга Укук бузуу Кодексинин 194-беренесине ылайык, мыйзамсыз жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдууларды орнотуп алгандары үчүн ар бири