Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Июль айынан тарта Кыргызстанда патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Ишкерлер жалпы салык режимин жана бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн системаны тандай алышат. Мамлекеттик салык кызматы буга байланыштуу Бишкек шаарынын базарларындагы салык төлөөчүлөргө окутуу-маалымат берүү иштерин жүргүзөт.Салыкчылар контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана «Салык төлөөчүнүн жеке кабинетин» колдонуу боюнча айтып беришет, ишкерлер салык салуу боюнча бардык актуалдуу суроолоруна жооп ала алышат. Ушундай эле окутуу иш-чаралары Ош жана Жалал-Абад шаарларынын базарларында, кичи базарларында иштеген ишкерлер үчүн да өткөрүлүп жатат.
Борбор калаанын Жибек Жолу проспектинин түштүк тарабындагы бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.Маалыматка ылайык, 23-июнда Жибек Жолу проспектинде Тоголок Молдодон Курманжан датка көчөсүнө чейин бир нече этап менен 3,2 чакырым жолду капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Биринчи этабында Тоголок Молдодон Абдрахманов көчөсүнө чейин жасалат. Жол тыгынын болтурбоо максатында жолдун түштүк тарабы, анан түндүгү кезеги менен жабылат. Бишкек мэриясы тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап алууну сунуштады.
Ош шаарынан Тамчыга сезондук каттамдар жанданды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.Маалыматка ылайык, 21-июнда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна Оштон 96 жүргүнчү учуп келди. Июлдан тарта Ош жана Жалал-Абад шаарларынан күн сайын каттамдар аткарылары айтылды.
21-июнда Беларустун Брест шаарында "Эскерүү поезди" эл аралык маданий-билим берүү долбооруна старт берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорго Кыргызстандан дагы окуучулар катышат. "Катышуу үчүн Кыргызстандан окуудагы, чыгармачылык сынактардагы ийгиликтери, тарых боюнча облустук, республикалык олимпиадалардагы жеңиштери, мектептеги ыктыярчылыгы менен айырмаланган 10-класстын 15 окуучусу тандалып алынган", — деп жазылат маалыматта. Долбоордун 205 катышуучусу Беларусь жана Россиянын шаарларына барып, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларын эскеришет.
Мурдагы муфтий, Аалымдар кеңешинин башчысы Замир Ракиев Сауд Арабияда ажыларга лекция окуп жатып той маселесин көтөрдү. Ал адамдарды ажылыкка бардым деп мактанбоого чакырган."Бир туугандар, ажылыкты мактаныч кылбайлы. Ушул жерде отуруп алып "балам, жылкы даярдап кой, ажы той берем" дегендер бар. Төрт миң доллар төлөп келесиңер, ары-бери жүргөнүңөргө дагы бир-эки миң доллар кетип жатат. Анан үйгө барып алып узун килемдерди жайдырып, үстү-үстүнө жылкыларды сойдургандар бар. Мындай нерселерди кылбайлы, бул мактанычка жатат", — деди Ракиев. Ал элди ысырапкорчулуктан алыс болууга чакырды.