Кыргызстанда "алтын сертификатты" 56 абитуриент алды. Тизме

Республика боюнча 56 окуучу "алтын сертификат" алат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкканын маалымдады.
Ага ылайык, бул жылы эң жогорку балл 234тү түздү. Алдыңкы үч сапка илинген абитуриенттер:
Аминат Гордаева (234) — Кыргыз-Россия Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу;
Максат Оморов (234) — Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназиясынын былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү;
Эльнура Эркинбекова (234) — Талас облусундагы "Мээрим-Себат" эл аралык кыргыз-түрк кыздар лицейинин окуучусу.
Өлкөдөгү каалаган окуу жайга тапшыруу мүмкүнчүлүгүн берген "алтын сертификатка" жалпы 56 окуучу татыган. Алар 225тен жогорку балл алышкан.
"Алтын сертификатка" өлкө боюнча:
Бишкек шаарынан – 34 бүтүрүүчү;
Чүй облусунан – 7;
Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6;
Жалал-Абад облусунан – 3;
Нарын облусунан – 3;
Талас облусунан – 2;
Баткен облусунан 1 окуучу ээ болду.
56 окуучунун жалпы тизмесин бул жерден көрө аласыз.
Абитуриенттердин Россиянын ЖОЖдорунан акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү бар