Эл кайсы жол эрежелеринин бузулушу боюнча ЖКККББга көп даттанган

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы WhatsApp номерине жол эрежесинин кайсы түрү боюнча көп билдирүү келгенин айтты.
Эске салсак, бир ай мурда ведомствонун кайрылуулар үчүн (0777) 102-102 телефону иштей баштаган. Ага жол эрежесинин бузулганына күбө болгондор кайрылмак. Жыйынтык чыгарылып, жалпы 6 414 арыз түшкөнү айтылды.
Ал жакка түшкөн даттануулар:
2 871 кайрылуу (44,7 пайыз) — унааны мыйзамсыз токтотуп коюу;
1 384 (21,5 пайыз) — жолдун каршы тилкесине чыгуу, кууп өтүү, маневр жасоо;
1 261 (19,6 пайыз) — жол чырактын кызылынан өтүп кетүү, жөө адамды өткөрбөй койгон айдоочуларга нааразы болгондор.
Арыздын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунан келгени кошумчаланды.
ЖКККББ: жол эрежесин бузгандарды жүргүнчүлөр да аныкташууда