ЕАЭБдин айыл чарба өндүрүшү 136 млрд. долларга бааланууда

Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ар биринин айыл чарба тармагында күчтүү жагы бар экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. ЕАЭБдин айыл чарба өндүрүшү 136 миллиард долларга бааланууда. 10 жыл ичинде ал 30 пайызга өсүп, уюмдун өзүн-өзү камсыздоосу 93 пайызды түзөт. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ар биринин айыл чарба тармагында күчтүү жагы бар.
"Кыргызстан сүт азыктары (110,5%), жашылчалар (96%) жана картошка (94%) боюнча керектөөсүн жабат. Республика азык-түлүктүн дан (88,1%), эт (80%), мөмө-жемиш (74%) сыяктуу түрлөрү менен камсыздалган", — деп айтылат билдирүүдө.
Бардыгы болуп уюмга мүчө өлкөлөр тоңдурулган балык, буудай жана зыгыр үрөнүн экспорттоо боюнча дүйнөдө биринчи орунду, буудай уну, күн карама жана рапс майы боюнча экинчи, арпа жана рапс боюнча үчүнчү орунду ээлей турганы кошумчаланды.
Жыл башынан бери ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине 41 ишкана киргизилди