Россиялык адистер "Водомерка" аталышындагы деңиз дронун иштеп чыгышты

"Водомерканын" узундугу 10 метр, 1,5 тоннага чейин жүк көтөрүп, саатына 55,5 чакырым жүрө алат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россияда Аскер-деңиз флотунун кемелерин деңиз дрондорунан коргоо жана чалгындоо иштери үчүн "Водомерка" аталышындагы көп функционалдуу экипажсыз катер жасалды. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине "Флот-2024" аскер-деңиз салонунун жүрүшүндө аталган саамалыкты иштеп чыккан "Авиациялык жана деңиз электроникасы" компаниясынын өкүлү билдиргенин РИА Новости жазды.
Көргөзмө "Форттор аралы" кластеринин борборунда өтүп жатат. Жалпы жонунан иш-чарага 225 өнөр жай ишканасы катышууда. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги "Флот-2024" көргөзмөсүнүн медиаөнөктөшү болду.
"Водомерка" башында Транспорт министрлигинин гидрографиялык иштери үчүн иштелип чыккан, азыр биз аны Аскер-деңиз флоту үчүн ылайыкташтырып жатабыз. Бул катер чалгын, күзөт кызматтарын аркалай алат. Каршылаш тараптын деңиз дрондорунан эле коргоо үчүн эмес, аны сокку уруучу каражат катары да пайдаланууга болот", — деген өкүл.
Ал деңиз дрондорунун келечеги кең экенине токтолгон.
Маалыматка ылайык, "Водомерканын" узундугу 10 метр, 1,5 тоннага чейин жүк көтөрүп, саатына 55,5 чакырым жүрө алат.
Флот-2024. Россиянын Аскер-деңиз күчтөрү Арктикадагы мүмкүнчүлүгүн кеңейтет