Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүн утурлай миңден ашык шам жагылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкектеги Жеңиш паркында "Эскерүү шамы" акциясы өттү. Анда Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүн утурлай 1 418 даана шам жагылды.
Блокадачыларга арналган эстеликтин жанында Чоң симфониялык оркестрдин музыканттары Дмитрий Шостаковичтин Ленинград симфониясын аткарышты.
Акцияны Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомчулугу жана Жеңиштин Кыргызстандагы ыктыярчылары уюштуруп, Бишкек шаарынын мэриясы, Россиянын Кыргызстандагы эчилиги, Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом"), SOYUZ.KG санарип порталы жана Ledyaev Co ишканасы колдоо көрсөткөн.
Бүгүн "Эскерүү шамы" акциясы Ош, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Кант, Кара-Балта шаарларында, Ленин, Панфилов айылдарында өттү. Ал эми эртең, 22-июнда, Каракол шаарында уюштурулат.