УКМК Ошто интернет-шылуундардын уюгун аныктады

Атайын кызмат бул терминалды экстремисттик жана террордук уюмдардын мүчөлөрү мыйзамсыз иштер үчүн пайдаланган болушу мүмкүндүгүн четке какпайт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ошто шылуундар үчүн жабдылган жер төлө табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жай 24 жаштагы У.А. аттуу жарандын үйүндө уюштурулган.
"Аталган жерден 19 SIM бокс, 8 персоналдык компьютер, эки ноутбук, ошондой эле мобилдик операторлордун 2000ден ашык сим-карталары табылган. Алар интернет алдамчылыгына, социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды жайылтууга, криптовалюта уурдоого колдонулган. Аны менен катар мобилдик мессенджерлердеги, банктык эсептердеги жана электрондук капчыктардагы фейк аккаунттар мыйзамсыз катталган", — деп жазылат маалыматта.
Атайын кызмат бул терминалды экстремисттик жана террордук уюмдардын мүчөлөрү мыйзамсыз иштер үчүн пайдаланган болушу мүмкүндүгүн четке какпайт.
УКМК бул техникалык каражаттардын комплекси экенин, ал көп сандагы сим-карталарды кошуу жана сактоо жана бир жолку СМС-активдештирүү коддорун алууга ыңгайлаштырылганын белгиледи.
Электрондук капчык, аккаунттарды активдештирүү үчүн дүйнө боюнча СИМ-карта, номерин сатып алуу кызматы мыйзамсыз сайттардын биринде жеткиликтүү болгон.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, буга тиешеси бар тараптар аныкталууда.
УКМК интернетте алдамчылык жана жеке маалыматтарды уурдоо фактылары көбөйүп жатканына байланыштуу жарандарды сак болууга чакырды.
Ысык-Көлдө киберкылмыш жасап, акча адалдаган "туристтер" мекенине кайтарылды