Баалар эселеп жогорулатылган. Салык кызматынын төрагасынын орун басары кармалды

Кадимки электрдик узарткыч 37 миң сомго, баасы 20 сомдон ашпаган туташтыргыч (коннектор) 960 сомго сатып алынганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Д.А.С. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Жогоруда көрсөтүлгөн инициалга Дубанаев Адилет Садырбекович туура келүүдө.
Атайын кызмат Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча сатып алууларды жүргүзүүдө мыйзам бузулганын аныктаган.

"Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда Салык кызматынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар 4 878 894 доллар суммасындагы товарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алышкан. Анда компьютердик техниканын, тармактык жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрымдарынын наркы жүз эселеп жогорулатылган. Маселен, кадимки электрдик узарткыч 421 долларга (37 миң сом), баасы 20 сомдон ашпаган туташтыргыч (коннектор) 11 долларга (960 сом) сатып алынган. Ошондой эле 207 долларга (18 миң сом) болжолдуу баасы 3 500 сомдук кеңсе отургучу алынган", — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Мындан улам мамлекетке 1 267 668 доллар (110 миллион сомдон ашык) зыян келтирилген.
"Эл аралык донорлор тарабынан республикада өнөр жайларды өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар мамлекеттик кызматкерлер тарабынан көптөн бери уурдалып, долбоорлор талаптагыдай ишке ашпай келген. Мындай жагдай мамлекеттик бюджеттен төлөнүүчү тышкы карыздын негизсиз көбөйүшүнө алып келет жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө орду толгус зыян келтирет", — деп кошумчалады УКМК.
Учурда атайын кызмат тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана кызыкдар тараптарды аныктоо боюнча иш жүрүүдө.
Прокуратура майыптарга бөлүнгөн каражатты кымырган аткаминерлерди аныктады