Лавров: террорчулук менен күрөшүүдө талибдер менен диалог зарыл

Москва өлкөнү дээрлик толук көзөмөлдөп жаткан талибдердин өкмөтү менен байланыш түзүүнү жөнгө салчу кадамдарды жасоого ыктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. ЖККУ террорчулук менен күрөшүү үчүн Афганстандын бийлиги менен диалогду жолго коюуну зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров Алматыда өткөн ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынын жыйынтыктап жатып айтты.
"Афганстандын аймагынан болуп жаткан кооптуулуктар тууралуу айттым. Ал жакта ИМ* менен "Аль-Каиданын" согушка жөндөмдүү бөлүктөрү жана аффилирленген структуралар дагы деле бар. Талибдердин өкмөтү ("Талибан"**) аларга каршы күрөшүп жатат. Биз бул маселеде аларга колдоо көрсөтүшүбүз керек деп эсептейбиз", — деди Лавров.
Ал Москва өлкөнү дээрлик толук көзөмөлдөп жаткан талибдердин өкмөтү менен байланыш түзүүнү жөнгө салчу кадамдарды жасоого ыктай турганын белгилеген.
"Бул талкуу учурунда басым жасалган маселе болду", — деп кошумчалады министр.
Дипломаттын айтымында, Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы кооптуулуктардын тамыры да бир катар кагылышуулардын, биринчи кезекте палестин-израиль чырынын жөнгө салынбаганында.
"Мунун эпкини чек аралаш аймактарга тиери белгилүү. Террорчулар Европаны, коңшуларыбызды, биринчи кезекте Борбор Азия жана Кавказды көздөй жылды. Мындан улам биз бул багытка тыкыр көз салып, БУУнун Башкы Ассамблеясынын жана Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин негизинде абалды турукташтырууга салым кошууга аракет кылабыз", — деди Лавров.
* Россия, Кыргызстан жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм
** Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясындагы уюм
Путин: Евразиядагы коопсуздук системасы ШКУ, ЕАЭБ, КМШдагы диалогду талап кылат