Кыргызстанда бир жылда 12,6 миң түгөй эки ача жолго түшкөн. Статистика

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстанда ар бир төртүнчү түгөй ажырашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2023-жылга карата берилген маалыматында айтылды.
Өлкөдө өткөн жылы баш-аягы 45,5 миң нике катталган. Анын ичинен 13,1 миң түгөй шаарларда үйлөнсө, 32,4 миңи айылдарда баш кошкон. Бирок былтыр эки жолго түшкөндөрдүн саны 12,6 миң түйгөйдү түзгөн.
Статком ошондой эле Кыргызстандын калкы 2023-жылы 7 миллион 162 миң адамга жеткенин билдирди. Анын 50,5 пайызы аялдар болсо, эркектер калктын 49,5 пайызын түзөт. Кыргызстандыктардын 35 пайызы шаарларда жашаса, калган бөлүгү элеттиктер экени маалым болду.
Аялдардын 64 пайызы айылда жашайт. Энелер күнүнө карата фактылар