Дээрлик 70 жылдай илгери жасалган советтик атактуу ракета. Тарыхый видео

Мындан 68 жыл мурда июнь айында Советтер Союзунда Р-5М деп аталган өзөктүк дүрмөт менен орто алыстыкка учуучу биринчи ракета колдонууга кабыл алынган.
Sputnik
1956-жылы күжүрмөн даярдыкка 24 ракеталык комплекс коюлган. СССРде ушундай кубаттуу курал бар экендигин дүйнө жүзү жыл айлангандан кийин, тагыраагы, 1957-жылдын күз айларында билген. 7-ноябрда Р-5Мди бир нече транспорттук түзүмү менен Кызыл аянттагы парадда алып өтүшкөн. Ал Октябрь революциясынын 40 жылдыгына арналган болчу.
1958-жылы Р-5М менен куралданган ракеталык бригадалардын бири Германия Демократиялык Республикасынын түндүк-чыгышына жайгаштырылган. Бул позициядан туруп Англия менен Франциянын бардык аймактарына ок чыгарууга болот эле. Бир аз кийинчерээк Р-5М Ыраакы Чыгышта пайда болот. Аталган жерден атылган ракеталар Япония менен Маньчжуриянын бардык аймагына жете алмак.