Эмомали Рахмон элине "бөтөн" кийим кийип жүрүүгө тыюу салды

Мыйзам бузулган учурда айып пул каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бейшемби күнү "Салтанаттар тууралуу" мыйзамга кол коюп, өлкө маданиятына чоочун кийим кийүүгө тыюу салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматына таянуу менен РИА Новости жазды.
Аталган мыйзамдын долбоору парламентке Тажикстандын президенти тарабынан киргизилген, төмөнкү палатанын депутаттары аны кабыл алып, 19-июнда сенаторлор бекитип берген.
Мыйзам бузулган учурда айып пул каралган, бирок "улуттук маданиятка чоочун" деп кайсы кийим-кече белгиленип, сатууга жана кийүүгө тыюу салынганы көрсөтүлгөн эмес.
Белгилей кетсек, аталган өлкөдөгү аялдар соцтармакта мамлекеттик кызматкерлер көчөдө хиджаб кийгендерди токтотуп, алардан хиджабын чечүүнү же аны жоолуктай салынууну талап кылып жатканын айтып, нааразы болушкан.
Хиджаб кийген аялдарды поликлиникага, ооруканага киргизбей койгон учурлар да болгон. Мындан тышкары, Душенбе шаарындагы кийим-кече базарларында рейд жүрүп, сатуучуларга хиджаб сатууга тыюу салынган.
Садыр Жапаров: бөтөн элдин кийимин туу тутпай, өзүбүздүкүн сактап калалы