Радио

Беренбеков: ӨКМдин жаңы цехтери көп көйгөйдү чечти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын офицери Нурсултан Беренбеков мурда кол менен токулуп келген габион торчолору азыр автоматташтырылган цехтерде даярдала баштаганын айтты.
Sputnik
Соңку 2-3 жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасы жаңыланып, потенциалы жогорулады. Бул тууралуу Нурсултан Беренбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюуда жаңы техника көп көйгөйдү чечет.
"Акыркы 2-3 жылда министрликтин потенциалы кыйла жогорулады. Тик учактар алынды. Республика боюнча өрт өчүрүүчү автоунаалар толук жаңыланды. Инженердик, куткаруучуларга керектүү техникалар алынууда. Ошол эле жаңы экскаватор, самосвал, бульдозер өзгөчө кырдаалды алдын алуу, кесепетин жоюуда жакшы натыйжа берип жатат. Муну менен катар былтыр министрликтин карамагында габион торчосун даярдаган автоматташтырылган эки цех ачылган. Алардын бири Чүй облусунда, экинчиси Ош шаарында. Мурда габион торчосун кол менен токучубуз. Айрым учурда керектүү санда даярдап жетише албай калар элек. Кызматкерлер сел түшкөн жерлерди тосконго даярдап казып коюшат. Бирок габион торчосун керектүү мөөнөткө токуп даярдап жетише албай калып, ал жерди кайра сел жеп кетип, бир жумушту эки жолу жасаган учурлар болгон. Айрым учурда өзгөчө абал жаралып калып, кымбат баада сатып алып дагы жатканбыз. Цех иштегенден бери өзүбүздүн муктаждыкты эле жаппастан, сатыкка чыгарганга дагы мүмкүнчүлүк жаралууда", — деди Беренбеков.
Ошондой эле ӨКМдин техникалык базасын күчтөндүрүү багытында жумуштар уланып жатканын кошумчалады.