НАТО Кытай Россияны колдоону токтотпосо санкция салынышы мүмкүндүгүн айтты

Столтенбергдин айтымында, Кытай Украинадагы чыр-чатакты “тутандырууда”.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. НАТО качандыр бир убакта Россияны колдогондугу үчүн Кытайга санкция салууну караштырат. Бул тууралуу альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг билдиргенин РИА Новости жазды.

"Эгерде Кытай Россияны колдоодон баш тартпаса НАТО боюнча союздаштар кайсы бир учурда экономикалык санкция же чектөөлөрдү киргизүүнү карашы керек", деген Столтенберг CNN каналына курган маегинде.

Анын айтымында, Кытай Украинадагы чыр-чатакты “тутандырууда”.

"Кытай бир эле учурда НАТОнун европалык союздаштары менен соода алакаларын жүргүзүп, ошол эле мезгилде Европадагы Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинен берки эң олуттуу жаңжалды тутантууну уланта албайт", деген башкы катчы.

Буга чейин Улуу Британиянын коргоо министри Грант Шаппс Лондон менен Вашингтон Кытай Россияга Украина менен согушууда колдончу курал-жарактарды жеткирип жаткандыгы же ошондой аракетти баштоо ниети боюнча далилдерди топтошконун билдирген. Бирок АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысы Энтони Блинкен Конгресстеги жыйында АКШда Кытай Россияны Украина менен жаңжалда куралдандырып жатканы боюнча маалыматтар жок экенин моюндаган. Ошол эле учурда Блинкен куралды Түндүк Корея менен Иран жеткирерин, Кытай болсо РФтин коргонуу-өндүрүштүк секторун колдоп жатканын айыптай турганын айткан.
КЭР Тышкы иштер министрлиги Батыштын айыптоолоруна жооп берип, Кытай Украинадагы абал боюнча адилеттүү жана объективдүү позицияны карманууда деген. Ошондой эле курал экспорттоодо бардык мыйзам, эрежелерге ылайык жоопкерчиликтүү мамиле жасала турганын кошумчалаган.
"Кырдаалды курчутат". Кремлден Столтенбергдин билдирүүсүнө үн катышты