Лавров: НАТО коопсуздук маселелерин жалгыз чечүүнү каалайт

Евразия коопсуздугуна коркунучтардын булагы НАТОнун агрессивдүү линиясы болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. НАТО евразиялык коопсуздук структурасын түзүүгө кийлигишүүнү пландап жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Сергей Лавров ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында билдиргенин РИА Новости жазды.
"НАТО мындай адилеттүү процесстерге (Евразияда коопсуздук архитектурасынын калыптанышы – ред.) тоскоолдук кылуу үчүн колунан келгендин баарын жасайт", — деди ал.
Лавров ЖККУ Евразияда коопсуздук архитектурасын калыптандыруу зарылдыгына макул экенин кошумчалады.
"Евразия коопсуздугуна коркунучтар ар кандай багыттардан келип жатат. Көпчүлүк учурда бул коркунучтардын булагы НАТОнун агрессивдүү линиясы болуп саналат", — деди орус дипломатиясынын башчысы.
Ал Түндүк Атлантика альянсы "Евразия мейкиндигиндеги стабилдүүлүктү камсыз кылуу менен байланышкан бардык маселелерди өзүнө баш ийдирүүгө" умтулуп жатканын белгиледи.
Өткөн аптада президент Владимир Путин Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууда сүйлөп жатып, Евразиядагы жамааттык коопсуздуктун кепилдигин талкуулоо мезгили келгенин билдирген. Ал белгилегендей, Россия БУУда олуттуу түрдө иштелип жаткан бөлүнгүс коопсуздук системасын түзүү боюнча диалогго кызыкдар.
Путин: Евразиядагы коопсуздук системасы ШКУ, ЕАЭБ, КМШдагы диалогду талап кылат