Казакстанда ШКУ өлкөлөрүнүн энергетика министрлери жыйын өткөрүүдө

Жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин тиешелүү ведомстволорунун жетекчилери, байкоочулар жана өнөктөштөр катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Астанада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин төртүнчү жыйыны башталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев үстүбүздөгү жылдын июль айында Казакстан ШКУ органдарындагы төрагалыгын аяктап, аны Кытайга өткөрүп берерин эске салды.
"Мен ШКУнун бардык өлкөлөрүнүн жыргалчылыгы үчүн алдыга коюлган келечектүү максаттарды ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү төрагалык кыларыңызга ишенемин. Казак тараптын төрагалыгынын алкагында 2023-жылдын октябрында энергетикалык форумду ийгиликтүү өткөрдүк. Ага ШКУга мүчө 12 мамлекеттин өкүлдөрү, байкоочулар, диалог боюнча өнөктөштөр жана ШКУнун катчылыгы катышты", — деди Саткалиев.
Министрдин айтымында, ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнөлүк ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн, Евразия аймагынын 60 пайызын, планета калкынын 42 пайызын жана дүйнөлүк сооданын 15 пайыздан ашыгын түзөт.
Жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин тиешелүү ведомстволорунун жетекчилери, байкоочулар жана өнөктөштөр катышууда. Кыргызстандан энергетика министри Таалайбек Ибраев барган.
ПЭЭФте Кыргызстандын энергетиктерин Россияда окутуу маселеси талкууланды