Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат, күбөлүктөр качан берилери айтылды

Быйылкы бүтүрүүчүлөр аттестаттарын электрондук жана кагаз түрүндө алат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер 28-июнда тапшырыларын билдирди.
Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүктөр 28-июнда саат 9да, 11-классты аяктагандарга аттестаттар саат 11де тапшырылат.
"Быйыл 11-класстын 76 миң 244 жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышат. Бул системанын негизги өзгөчөлүгү бүтүрүүчүлөрдүн документтери "Түндүк" порталынын базасында сакталат", — деп жазылат маалыматта.
Учурда "Күбөлүк" платформасы иштеп жатканы белгиленди. Бул платформада бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү "Түндүк" сервисинен алынат. Башкача айтканда, бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт.
Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын порталдан чыгарып алса болору кошумчаланды.
Бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик аттестация канча убакытка созулары айтылды