Үйгө барып алып ажы той бербегиле! Экс-муфтий Сауд Арабияда лекция окуду

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мурдагы муфтий, Аалымдар кеңешинин башчысы Замир Ракиев Сауд Арабияда ажыларга лекция окуп жатып той маселесин көтөрдү.
Ал адамдарды ажылыкка бардым деп мактанбоого чакырган.
"Бир туугандар, ажылыкты мактаныч кылбайлы. Ушул жерде отуруп алып "балам, жылкы даярдап кой, ажы той берем" дегендер бар. Төрт миң доллар төлөп келесиңер, ары-бери жүргөнүңөргө дагы бир-эки миң доллар кетип жатат. Анан үйгө барып алып узун килемдерди жайдырып, үстү-үстүнө жылкыларды сойдургандар бар. Мындай нерселерди кылбайлы, бул мактанычка жатат", — деди Ракиев.
Ал элди ысырапкорчулуктан алыс болууга чакырды.
ЖМК: ажылыкка барып Сауд Арабияда көз жумгандардын саны 1000ден ашты