ЖККУ башкы катчысы: Армения союздаш бойдон кала берет

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Армения ЖККУнун өнөктөшү бойдон калат. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов Алматыда өткөн ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында билдиргенин РИА Новости жазды.
Иш-чарага армян тарап катышкан жок.

"Армения биздин союздаш болгон жана ошол бойдон кала берет. Анын алдындагы бардык милдеттерибиз сакталат", — деди ЖККУнун башкы катчысы.

Анын айтымында, уюмда калуу же чыгуу чечими Еревандын суверендүү укугу. Ал ошондой эле ЖККУну каржылоодон баш тартуу суроосун Арменияга жолдоо керектигин кошумчалады.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Армения кирет.
2024-жылдын февраль айында Ереван ЖККУга катышуусун тоңдурганын жарыялаган. Мындай чечим Армения бийлигинин Азербайжан менен 2020 жана 2023-жылдардагы жаңжалдын күчөшүнөн, ошондой эле бул мезгилдеги чек ара кагылыштарынан кийин уюмду жана Россияны өз милдеттерин аткарбай жатат деп бир нече жолу айыптаганына байланыштуу кабыл алынган.
Николь Пашинян "ЖККУ Арменияга коопсуздук жаатындагы милдеттерин аткаруунун ордуна, тескерисинче, көйгөйлөрдү жаратып жатканын" белгилеген. Ал март айында Армения уюмдан чыгышы мүмкүн экенин билдирген.
Россия ТИМи Армениянын ЖККУ жыйынына катышпоо чечими боюнча үн катты