Армения Палестинаны мамлекет катары тааныды

Ереван БУУнун Башкы Ассамблеясынын Газа секторундагы ок атууну токтотууга чакырган резолюцияларына кошулганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Армения Палестина мамлекетин расмий тааныганын аталган республиканын Тышкы иштер министрлиги Telegram каналы аркылуу кабарлады.
Документте Газа секторундагы гуманитардык абал өтө курчуп кеткени, көпкө созулуп кеткен аскердик кагылышуу жөнгө салынууга тийиш болгон эл аралык саясий күн тартибиндеги маселеге айланганы айтылат.
"Армения республикасы жарандык инфраструктурага кол салууну, элге карата жасалган зордук-зомбулукту, адамдарды барымтага алууну кескин айыптап, эл аралык коомчулуктун барымтадагыларды эч кандай шартсыз бошотуу талабына кошулат. Ереван БУУнун Башкы Ассамблеясынын Газа секторундагы ок атууну токтотууга чакырган резолюцияларына кошулган. Армения Жакынкы Чыгышта туруктуулуктун орношуна, еврей жана палестин элинин ортосунда тынчтык өкүм сүрүүсүнө чындап кызыкдар", — деп айтылат документте.
Мындан тышкары, анда Армения ар кандай эл аралык аянтчаларда палестин маселесин тынчтык жолу менен жөнгө салууга ыктап келгени, эки — еврей жана араб мамлекеттеринин принциптеринин негизинде Израиль-Палестина чырын чечүүнү колдой турганы жазылган.
"Биздин көз карашыбызда бул палестиналыктар да, израилдиктер да мыйзамдуу максаттарын ишке ашыруусуна кепилдик берүүчү жападан жалгыз жол. Мындан улам Армения Республикасы эл аралык укук, теңчилик, көз карандысыздык жана элдердин ынак коңшулугунун принцибин колдоп, Палестина мамлекетин тааныйт", — деп айтылат документте.
Жакынкы Чыгышта абал тынч эмес. Палестина менен Израилдин мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта курчуп, Газа сектору оор күндөрдү башынан кечирип жатат.
БУУ: Израиль Газада адамзатка каршы бир нече кылмыш жасады