Күн өтүп кеткенде мээдеги кан тамырлар кеңейип, кан көп жүгүрүп, жалпы кан айлануу бузулат. Ошондой эле дене муздап, адам эс-учун жоготот. Эгер оорлошуп кетсе аягы өлүм менен аяктап калышы мүмкүн. Бул тууралуу Жаркынбек Касымбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аптаптуу ысыкта оорусу бар адамдар өзүн алып жүргөндү жана коргогонду билишет. Тескерисинче, ысык өтүп кетүү коркунучуна дени сак адамдар кабылышат.
"Оорулуу адамдардын жанында дайыма дарылары, күндөн коргоочу буюмдары болот. Анткени алар ден соолугун жакшы билишет, дарыгерден кеңеш алып турушат. Ысыктан спортсмендер, жаш балдар көбүрөөк жабыркайт. Алар энергияга бай болгондуктан ысыкта да активдүү болушат. Ысык менен жылуу өтүп кетти дегенди айырмалай билишибиз керек. Аба жетпей кысылышкан жерлерде, тагыраагы, коомдук жайларда, транспортто, имараттын ичинде жылуу өтүп кетиши мүмкүн. Ал эми ысык ачуу тийген нурдан өтөт. Бирок жардам берүү экөөндө тең бирдей эле. Ысыкка дуушар болгон адамга биринчи жардам көлөкө же салкын жерге жаткыруу менен көрсөтүлөт. Анын кыскан кийимдери болсо чечип, денесин муздак сууга салынган чүпүрөк менен сүрүп жиберүү керек. Өзүнө келгенден кийин мелүүнүрөөк суудан аз-аздан берип, сөзсүз түрдө тез жардам чакырганды эсиңизден чыгарбаңыз. Андыктан күн өтүп кетүүнү алдын алуу үчүн жайында суу көп ичишибиз керек. Бирок сууну да өлчөмү менен ичүүнү сунуштайбыз. Анткени суудан да уулангандар болот. Күнүнө 1,5-2 литр сууну 12 саатка бөлүп ичип, кечки саат алтыдан кийин азайтуу керек. Эгер организмге суу жетишпесе өнөкөт, жүрөк-кан тамыр жана бөйрөктүн, өттүн таш ооруларына алып келет. Ошондой эле майлуу тамактардан алыс болуп, жашылча-жемишке басым жасап, кийимди туура тандоо керек. Денеге жабышкан, синтетика аралашкан кийимдер болбойт. Муздак сууга салынган чүпүрөк менен кан тамырларды муздатып турууну да унутпоо керек", — деди Касымбеков.
Ал эми алыска сапарга чыкканда орто жолдо 10-15 мүнөттөн токтоп, көнүгүүлөрдү жасап, машинаны улам желдетип туруу кошумчаланды.