Акылбек Жапаров Чүйдөгү минералдык жүн, шифер чыгарган заводдорго барды

Өкмөт башчы ишканаларга көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусун кыдырууда. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жапаров Ысык-Ата районундагы минералдык жүн чыгаруучу заводдун иши менен таанышкан. Ишкана линияны монтаждап, продукциянын сыноочу партиясын чыгарганы белгиленди.
1 / 7

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусун кыдырууда

2 / 7

Маалыматка ылайык, Жапаров Ысык-Ата районундагы минералдык жүн чыгаруучу заводдун иши менен таанышкан

3 / 7

Ишкана линияны монтаждап, продукциянын сыноочу партиясын чыгарганы белгиленди

4 / 7

Андан ары минкаб башчысы Ысык-Атадагы автоклавдуу газобетон чыгаруучу заводдун курулушун көрдү

5 / 7

Ишкана жогорку сапаттагы хризотил жана була цемент продукциясын (шифер менен жабуу) чыгарат

6 / 7

2021-жылы компания 4 миллион шифер саткан. Заводдун ишке кириши менен 100дөн ашык жумушчу орун түзүлөт

7 / 7

Жапаров ишканаларга көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды бергени кошумчаланды

"Учурда базальт буласы толугу менен импорттолот. Аталган завод гана бул продукцияны өндүрүп, кубаттуулугу жылына 20 миң тоннага жетет. Продукция жергиликтүү рынокто да сатылып, экспортко да чыгарылат. Заводдо 100гө чейин жумушчу орун түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Андан ары минкаб башчысы Ысык-Атадагы автоклавдуу газобетон чыгаруучу заводдун курулушун көрдү.
"Ишкана жогорку сапаттагы хризотил жана була цемент продукциясын (шифер менен жабуу) чыгарат. 2021-жылы компания 4 миллион шифер саткан. Заводдун ишке кириши менен 100дөн ашык жумушчу орун түзүлөт. Долбоор рыноктогу суроо-талаптын 15 пайызын жаап, 1 миллион доллар продукцияны экспорттоону пландоодо", — деп жазылган кабарда.
Жапаров ишканаларга көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды бергени кошумчаланды.
Июлда Кара-Балтада Кыргызстандагы эң ири текстиль фабрикасы ачылмай болду