Акылбек Жапаров Кытайга жумушчу сапары менен барат

Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Акылбек Жапаров 25-27-июнда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарында болмокчу. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.
Өкмөт башчы "Кытай — Евразия ЭКСПО: Жибек Жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү" VIII эл аралык көргөзмөсүнө катышат.
Эки тараптуу жологушууларда саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий-гуманитардык тармактарындагы кызматташуулар тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаровдун ири корпорациялардын жана компаниялардын жетекчилери менен жолугушуулары күтүлүүдө.
Иш-чаралардын жана жолугушуулардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлат.
Акылбек Жапаров Чүйдөгү минералдык жүн, шифер чыгарган заводдорго барды