Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ союздаштарына зыян келтирип, Киевге NASAMS менен Patriot бере турган болду

Аткаминер абадан коргонуу жаатындагы каражаттар менен камсыздоодогу приоритетке Тайвань менен Израиль коюлбагандыгын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. АКШ башка союздаштарына зыян келтирип, Украинага абадан кол салуудан коргоно турган NASAMS менен Patriot техникаларын берет. Бул туурасында Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялары боюнча координатору Жон Кирби брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кошмо Штаттардын өкмөтү башкаларга кыска мөөнөттө көрсөтүлө турган аскердик жардамдардын приоритетин өзгөртүшү зарыл, бирок оңой эмес чечим кабыл алды. Алар — Украинага бериле турган Patriot жана NASAMS", — деген ал.
Аткаминер кеп система эмес, анын ракеталары жөнүндө болуп жатканын белгилеген. Ал муну менен катар эле абадан коргонуу жаатындагы каражаттар менен камсыздоодогу приоритетке Тайвань менен Израиль коюлбагандыгын кошумчалаган.
Кирби Киевге аталган системаларды, снаряддарды топтоп берүү үчүн өздөрүнүн корунан да алууга туура келерин белгилеген. Мындай себептен улам Вашингтон абадан коргонуучу техникаларды башка өлкөлөргө берүү үчүн "тизмеге койгондугун" айткан.
АКШнын президенти Жозеф Байден бир апта мурда Киевдин керектөөлөрүн канааттандырбай туруп чет жактардагы сатып алуучуларга Patriot системасын берүүнү токтото турганын билдирген. Бул мамлекеттер аталган чечимге макул экенин кошумчалаган.
Москва 2022-жылы эле НАТО мамлекеттерине Украинага курал бергени үчүн нота жөнөткөн. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Киевге курал катары ташылып келе жаткан кандай гана жүк болбосун Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Ал муну менен катар эле АКШ, НАТО чатакка түздөн-түз катышып жаткандыгын белгилеген. Кеп курал берүү эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка мамлекеттердин аймагында кадрларды даярдоо туурасында жүрүп жатканын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Москва Батыштын куралдарын Россияга колдонуунун кесепетин эскертет