Чет мамлекетте камалган мекендешти мекенге алып келүү иши. Мигранттардын абалы кандай?

Sputnik
Учурда ар бир 2чи үй-бүлөнүн мүчөсү миграцияда жүргөнү маалым. Мындан да кейиштүүсү мекендештердин бөтөн эл, бөтөн жерде кылмыш жоопкерчилигине тартылып калганы. Албетте алардын арасында ар кандай себептер бар. Мындан улам бул жоопкерчиликке тартылган мигранттарды мекенине алып келүү иши да чоң маселе жаратат. Бүгүн биз ушул маселелердин үстүндө баарлаштык. Учурда мигранттардын арасында баңги зат менен кармалган мекендештер көп.
Тышкы иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнө чет жерде жүргөн мигранттардын абалы, жалпы канча мекендеш чет мамлекетте сот жоопкерчилигине тартылгандыгы жана аларды мекенге алып келүүнүн жол жобосу тууралуу бир катар суроолорду узаттык.