Радио

Исатбек кызы: студенттер үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушталып жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы акыркы 10 жылда мектепти аяктагандардын саны эки эсе өскөнүн айтты.
Sputnik
Айылда жашаган ата-энелер үчүн балдарын ЖОЖдорго окутуу оор. Түшүмдүн баасы түшүп кетип окуй албай калган жаштар бар. Бул тууралуу Аида Исатбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, студенттерге жеңилдетилген кредит бериле баштаса көп жаштардын билим алуусуна шарт түзүлөт.
"Эгер статистиканы карай турган болсок, мындан 10 жыл мурун мектепти аяктагандардын саны 70-80 миң болсо, азыр 150-160 миңге чамалайт. Бүтүрүүчүлөрдүн саны эки эсе өстү. Кыргызстанда калктын көпчүлүгү аймактарда жашайт. Айылдарда көбүнчө мал чарба, дыйканчылык менен алектенишет. Үч-төрт баланы окутуу ата-энелер үчүн кыйын. Кээде түшүмдүн баасы түшүп кетсе баласын окууга тапшырта албай калат. Жетишпестиктин айынан "дагы бир-эки жыл чыдап тур" деп убактысын узартып, окуй албай калып жатат. Ошондон улам ушундай ой келди. Студенттерге атайын жеңилдетилген кредиттерди карасак балдардын жогорку окуу жайларга окуусуна, билим алуусуна жакшы шарт түзүлөбү деп ушул демилгени көтөрүп жатабыз ", — деди Исатбек кызы.
Ошондой эле депутат кредитти той-топурга коротуп жибербөөсү үчүн атайын көзөмөлдөө механизмдери кирерин кошумчалады.