УКМК тигүү цехинин ээси 30дай чет өлкөлүктү кулчулукта кармаганын аныктады

Атайын кызмат чет өлкөлүктөрдү ишке алгандарды мыйзам чегинде иш алып барууну, болбосо бул үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Чүйдө тигүү цехинде 30дай чет өлкөлүктү эмгек кулчулугунда кармаган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат 20-июнга караган түнү Сокулук районунун Новопавловка айылындагы цехтердин бирин тинтип, анда иштеген 30 чет өлкөлүктү аныктаган.
"Шектүү чет өлкөлүктөрдү алдап ишке тартып, эксплуатациялап, убадалаган айлыгын берген эмес. Ошондой эле жергиликтүү ИИБдин кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп, чет өлкөлүк жарандардын паспортторун алып койгон. Түрмөгө каматуу менен коркутуп турган", — деп жазылган маалыматта.
Мындан улам тигүү цехинин ээси Ж.А. жана райондук милиция кызматкери А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Атайын кызмат чет өлкөлүктөрдү ишке алгандарды мыйзамдын чегинде иш алып барууну, болбосо бул үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.
Ысык-Көлдө киберкылмыш жасап, акча адалдаган "туристтер" мекенине кайтарылды