Таласта 2 жашар бөбөк сууга агып кетти. Милиция ата-энелерге кайрылды

Бала жайлоодо ойноп жаткан жеринен чоң сууга түшүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Таласта сууга агып кеткен 2 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, 18-июнь күнү саат 19:00дөр чамасында Талас районундагы Чоң-Чычкан өрөөнүнүн Чоң-Түз жайлоосунан эки жашар бала ойноп жаткан жеринен чоң сууга кулап агып кеткендиги боюнча маалымат түшкөн.
1 / 2

Билдирмеге ылайык, 18-июнь күнү саат 19:00дөр чамасында Талас районундагы Чоң-Чычкан өрөөнүнүн Чоң-Түз жайлоосунан эки жашар бала ойноп жаткан жеринен чоң сууга кулап агып кеткендиги боюнча маалымат түшкөн

2 / 2

Бөбөктү издөө иштерине 100гө жакын милиция кызматкери тартылган. Ошондой эле ӨКМ, "Альянс-Алтын" компаниясы, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери жана баланын туугандары издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Бөбөктү издөө иштерине 100гө жакын милиция кызматкери тартылган. Ошондой эле ӨКМ, "Альянс-Алтын" компаниясы, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери жана баланын туугандары издешкен.
“Бүгүн, 20-июнда, сайдагы суунун нугу башка жакка бурулуп, суу азайган. Баланын сөөгү ташка кыпчылып калган жеринен табылды”, — деп жазылат маалыматта.
Бөбөктүн сөөгү туугандарына өткөрүп берилген.
Милиция ата-энелерге кайрылып, балдарды кароосуз калтырбай, тыкыр көз салууну өтүндү.
Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи бөбөктүн сөөгү табылды