Садыр Жапаров Баткендеги Шамбесай кени казылбай турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кадамжай районундагы Шамбесай кени иштетилбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолукканда билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы кендин иштешине каршы чыгып жаткан эл менен жеринде жолугушкан. Мамлекет жетекчиси мындай чечимге кенди өз көзү менен көрүп чыккандан кийин келгенин белгиледи.
"Мен өз көзүм менен көрдүм, казса болбойт экен. Ошондуктан маселеге чекит койдук. Бул теманы унуталы", — деди президент.
Шамбесай кени — Кадамжай районунун Майдан айылында жайгашкан алтын кен. Ал 2007-жылы ачылган, 6 тоннадай алтын запасы бар. Бирок кен айылга жакын жайгашкандыктан жана Исфайрам суусу булганат деген жүйө менен жергиликтүү тургундар аны иштетүүгө каршы чыгып келишкен.
Акылбек Жапаров өлкөдөгү кен байлыктарды санап, инвесторлорду иштешүүгө чакырды