Флот-2024. Россиянын Аскер-деңиз күчтөрү Арктикадагы мүмкүнчүлүгүн кеңейтет

Россиянын коопсуздугун камсыздоодо Арктика маанилүү регион болуп саналары кошумчаланган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россиянын Аскер-деңиз күчтөрү Арктикадагы мүмкүнчүлүгүн кеме жана суу алдында жүрүүчү кайыктарынын эсебинен эле эмес, абадан коргонуу системасы жана жээк комплекстери аркылуу да кеңейтет. Бул тууралуу эл аралык "Флот-2024" деңиз салонунун жүрүшүндө Аскер-деңиз флотунун башкы командачысы Александр Моисеев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтүү милдети коюлган. Абадан коргонуу каражаттары орнотулуп, жээк комплекстери ишке берилсе аларды Аскер-деңиз флоту эле эмес, Куралдуу күчтөрдүн баары колдоно алат", — деген ал журналисттерге.
Башкы командачы Россиянын коопсуздугун камсыздоодо Арктика маанилүү регион болуп саналарын кошумчалаган. Моисеевдин айтымында, бул аймакка мамлекеттик чек аранын 20 миң чакырымы туура келет.
Көргөзмө "Форттор аралы" калестеринин борборунда өтүп жатат. Жалпы жонунан иш-чарага 225 өнөр жай ишканасы катышууда. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги "Флот-2024" көргөзмөсүнүн медиаөнөктөшү болду.
Россиянын түштүк жагындагы машыгуу жөн гана кагылган коңгуроо эмес