Ош облусунда жарандарга автоунаадан кичи автобустарга өтүү сунушталууда

Азырынча ведомство демилгелеген акция айына бир гана күн өткөрүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ош облусунун тургундарына жеке транспорттун ордуна коомдук транспортко өтүү сунушталууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаратылыш ресурстар министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөлдүн облустук башкармалыгынын жетекчиси Асанбек Мамыраимов билддирди.
Анын айтымында, азырынча ведомство демилгелеген акция айына бир гана күн өткөрүлүүдө.
"Ар бир айдын үчүнчү бейшембисинде жарандардан жеке унаа менен жолго чыкпоону суранабыз. Бүгүн министрликтин Оштогу башкармалыгынын жалпы жамааты жумушка маршруткалар жана автобустар менен келишти. Автобус менен машинада жүрүү убактысынын айрымасы болгону 5-10 мүнөт. Кийинчерээк акцияны бир күн эмес, эки же үч күнгө созууну сунуштайбыз. Ага катышуу ыктыярдуу", — деди Мамыраимов.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык кызматкерлерге шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүүнү тапшырган. Бул күндөрү расмий транспорт өтө зарыл болгон учурларда гана колдонулушу мүмкүн.
Жол милициясынын иши эми видеокамера аркылуу тыкыр көзөмөлгө алынат