Бишкектеги буздурулган "Батуми" кафесинин ордуна сейил бак курулат. Эскиз

Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Батуми" кафесинин ордуна сейил бак курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мекеменин жетекчиси Нурдан Орунтаев бүгүн парктын курулуш иштерин текшерди.
1 / 3

Бишкектеги "Батуми" кафесинин ордуна сейил бак курулат

2 / 3

Мекеменин жетекчиси Нурдан Орунтаев бүгүн парктын курулуш иштерин текшерди

3 / 3

Сейил бак качан колдонууга берилерин мекеме тактаган жок

Сейил бак качан колдонууга берилерин мекеме тактаган жок.
"Батуми" Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүнүн боюнда жайгашкан. 2023-жылдын 24-майында ал кездеги Бишкектин вице-мэри Орунтаев баш болгон аткаминерлердин тобу кафеге келип, атайын техника менен буздура баштаган. Кафенин ээси аларга расмий эскертүү берилбегенин, сот чечими жок буздурулуп жатканын айтып чыккан. Бир күндөн кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ал жакка барган.
Кийин УКМКдан Орунтаев жабырлануучу тарапка келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттендирилген. Кафени буздуруудан келтирилген чыгым 3 миллион сомдон ашары айтылган.
Депутат Мамкурулуш жетекчисин майыптар үчүн коляска менен шаар кыдырууга чакырды