Суучулдарды даярдоо борбору куткаруучуларды окууга чакырат. Жол-жобосу

Борбор жыл сайын 300дөн ашуун суучул жана куткаруучуларды окутат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору куткаруучу болууну каалагандарды окууга чакырат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Талап боюнча, он күндүк окууга 18ден 45 жашка чейинки адамдар алынат

2 / 2

Тандоодон өзгөчө талаптарга жооп берген, тагыраагы, ден соолугу чың, психикасы туруктуу болгондор өтөт

Талап боюнча, он күндүк окууга 18ден 45 жашка чейинки адамдар алынат. Тандоодон өзгөчө талаптарга жооп берген, тагыраагы, ден соолугу чың, психикасы туруктуу болгондор өтөт.
Куткаруучу болом дегендер төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:
жазуу түрүндөгү арыз же уюмдун атынан жолдомо;
086 формадагы медициналык маалымдама;
паспорттун көчүрмөсү;
3х4 өлчөмүндөгү түстүү сүрөт (4 даана).
"10 күндүк курстун баасы кыргызстандыктар үчүн 3 400 сом, КМШга мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн 6 800 сом, ал эми башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн 13 600 сомду түзөт. Окуудан өткөндөргө билимин тастыктаган сертификат берилет. Ал башка өлкөлөрдө да таанылып, иштөөгө уруксат берет", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, аталган борбор суучулдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча дагы бир айлык курстарды өтөт.
Окутуудан өтүүнү каалагандар 0554 974990 номери же Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары, Ахунбаев көчөсү, 2 дарегине кайрылса болот.
Аптап оорулуу эле эмес, соо киши үчүн да кооптуу. Сактануу жолдору