УКМК: казакстандык миллионерге карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Жуманбаев укук коргоо органдарынан качпаганын жана тергөөгө колдон келген жардамын берүүгө даяр экенин маалымдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-Июн. — Sputnik. Казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Буга чейин атайын кызмат "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн Казакстандын ири ишкерлеринин бири Жуманбаев каржылап келгени тууралуу фактылар аныкталганын жар салган. Маалыматка ылайык, 2021-жылдан 2023-жылга чейин Жуманбаевдин көрсөтмөсү менен алтын казган компаниянын кызматкерлери ай сайын Көлбаевге 1 миллион сомдон которуп турган.
Кийин анын компаниясы маалымат таратып, Жуманбаев укук коргоо органдарынан качпаганын жана тергөөгө колдон келген жардамын берүүгө даяр экенин маалымадаган.
УКМК кечээ, 19-июнда, казакстандык ишкер Кыргызстанга келип, тергөө органдары менен жолукканын билдирди. Натыйжада Жуманбаев Көлбаевдин ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси жок деп табылып, кылмыш иши токтотулганы кошумчаланды.
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты адамга ок чыгарды деп кармалды