Июлда Кара-Балтада Кыргызстандагы эң ири текстиль фабрикасы ачылмай болду

Фабрика күнүнө 80 тонна кездеме чыгарып, миңдеген жумуш орундары түзүлөрү маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кара-Балтада Кыргызстандагы эң ири кездеме чыгаруучу фабрика ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев соцбаракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинети менен түркиялык компания кызматташуу тууралуу инвестициялык келишимге кол коюуга ниеттенүүдө. Азыгалиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен түрк инвестору жана текстиль фабрикасынын башкы директору жолугушканын белгиледи.
"Кыргызстандын аймагында мындай фабриканын аналогу жок. Министрлер кабинети бул фабриканы эртерээк ачуу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Биздин эмгектерибиз текке кеткен жок. Фабриканын ачылышы өлкөгө чоң пайда алып келет: көптөгөн жумуш орундары түзүлүп, жумушсуздукту азайтып, калктын жашоо деңгээли жогорулайт. Бизде дагы бир тармакта экспорттук потенциал пайда болот", — деп жазган эл өкүлү.
Ошондой эле фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 80 тонна кездемени түзөрү жана миңдеген жумуш орундары пайда болору кошумчаланды.
Пресс-борбор
Кыргызстан ЕАЭБде жеңил өнөр жай ишканаларынын киши башына саны боюнча алдыда